super.kg logo

Кытай акыркы орунда. Кыргыз өлкөсү интернет эркиндиги жарым-жартылай мамлекеттердин катарына кирди

 

Дүйнө өлкөлөрү арасындагы интернет эркиндигин изилдеген "Freedom House" уюмунун рейтингинде Кыргыз өлкөсү интерет эркиндиги жарым-жартылай мамлекеттердин катарынан орун алды. Аталган рейтинг уюмдун расмий сайтында жарыяланды.

Ага ылайык интернет колдонуучулардын укугу баарынан бекем сакталган жана жарандарына интернетти колдонууга болушунча эркин шарт түзүп берген өлкө деп Исландия мамлекети табылган. Андан соң Эстония, Канада, Германия жана Австралия өлкөлөрү алдыңкы бештиктен орун алышкан.

Ал эми Кыргыз өлкөсү тизмедеги 65 өлкөнүн арасынан 25-орунга жайгашты. Бул жарым-жартылай интернет эркиндигине ээ дегенди түшүндүрөт.

Коңшу мамлекеттерден Казакстан 50, Орусия 51 жана Өзбекстан 58-катардан орун алып, "интернет эркиндиги жок" деп бааланган.

Ошондой эле интернет эркиндиги жок өлкөлөрдүн эң акыркы саптарында Вьетнам, Куба, Сирия, Иран жана Кытай жайгашкан. Кытай өлкөсү 4-жыл катары менен интернет эркиндиги жок өлкөлөрдүн эң аягында калууда.

Белгилей кетсек, интернеттин эркиндиги боюнча рейтингди түзүүдө бир катар критерийлер эске алынат. Аларга каалаган маалыматты эч тоскоолдуксуз алуу жана жөнөтүү мүмкүнчүлүгү, интернет аркылуу өз оюн эркин билдире алуу, интернет айдыңында тараган маалыматтарга эч кандай цензуранын жоктугу сыяктуу жагдайлар кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.09.2021. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыз өлкөсү интерет эркиндиги орун алды деген жеринде туура эмес жазылып калыптыр.Интерет эмес интернет деп оңдоп койгула.Мен биринчи итерет деп окуп алыпмын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: