super.kg logo

7 баланын энеси Рахима Юлдашева 28 жылдан бери паспорт ала албай келет. Ага эмне себеп болууда?

 

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Биринчи Май айыл өкмөтүнүн жашоочусу, 7 баланын энеси Рахима Юлдашева 28 жылдан бери паспорт ала албай келет. Бул тууралуу Юлдашевага байланышканыбызда белгилүү болду.

Анын айтымына караганда, атасы өзбек улутунан, апасы кыргыз. Өзбекстанда атасы каза болгондон кийин апасы Кыргыз өлкөсүнө 15 жашында алып келген. Кыргыз жаранына турмушка чыккан. Учурда 7 баласы, 4 небереси бар.

"Эки балам чоң, калган бешөө кичинекей, 4 неберем бар. Азыр 9 бала менен үйдө отурам. Өзүм эч жерде иштебейм, жөлөк пул албайм. Паспорт алайын деп документ тапшыра берип, эч кандай жыйынтык болгон жок. Кайнежем документ тапшырганга жардам берип жүрөт. Өзүм оорукчанмын.

34 жолу документ тапшырдым, бирок паспорт алган жокмун. Паспорт столго барып сурасам "мөөнөтү өтүп кетти, башка документ алып кел" деп кайра колума карматып коюшат. Анан улутуң өзбек экен дей беришет. Атам өзбек, апам кыргыз.

Бул жакка келгениме 30 жыл болду, балдарымдын күбөлүктөрү жок. Эки чоң балам паспорт ала албай жатат. Эки кызымдын күбөлүгү жок. Мектепке бара тургандары бар, алар окууга бара албай отурушат. Ушинтип жашап келе жатабыз. Документ алам деп жүрүп аябай кыйналдым. Азыркы учурда деле ооруп жатам (ред.: ыйлап). Ооруканага барып жатайын десем паспортум жок.

Акыркы жолу март айында 34-жолу акыйкатчылардын жардамы менен паспортко документтерди тапшырдым. Анда 3 айдын ичинде маселени чечип беребиз деген, бирок андан бери 6 ай өттү. Эч кандай жыйынтык жок", - деди Юлдашева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
23.09.2021. 03:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мындай көрүнүш толтура. Менин атамдын паспорту 1990-ж жоготуп алган экен.Ошол б-н эч жерден паспорт ала албай койду архивден копиясы жок экен деген шылтоо менен бербей коюшту 6 баласы болсо да мамлекеттен эч кандай пасобие жөлөк пул алган жок паспорту жок. Үйүбүздү көчкү басып мамлекет ссуда бере турган болуп, бирок паспорту жок берген жок. Үй жайыбызды мал чарбасы менен бүт көчкү басып калгандыктан ар туугандардын үйүндө чоңойдук.акыры 2009 жылы күйүткө чыдабай атам бул дүйнөдөн өтүп кетти
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: