Министрлер кабинети "Кумтөрдү" курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча фонддордун жабылышы тууралуу маалыматты четке какты
Өкмөттүн 2019-жылдын 8-октябрындагы №529 “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунан келип түшкөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому күчүн жоготту деп таанылды. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган чечим президенттин 2021-жылдын 19-мартындагы №77 жарлыгын натыйжалуу ишке ашыруу жана Кыргыз өлкөсүнүн экологиялык тутумун мындан ары карай өнүктүрүүнү камсыздоо максатында кабыл алынган.
"Буга катар Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети бир айлык мөөнөттө айлана-чөйрөнү коргоо жана Кыргыз Республикасынын жаратылыш байлыктарын сактоо боюнча долбоорлорду баалоо жана тандоо боюнча эксперттик комиссия түзүүсү тийиш.
"Жаратылышты өнүктүрүү фонду" жана "Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду" коомдук фонддорунун жабылышы тууралуу бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган маалыматтар чындыкка дал келбейт", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, "Жаратылышты өнүктүрүү фонду" коомдук фонду өкмөттүн 2017-жылдын 27-декабрындагы №840 токтомуна ылайык түзүлгөн.
"Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду" коомдук фонду өкмөттүн 2019-жылдын 21-августундагы №414 токтомуна ылайык түзүлгөн.


