Ошто Мамлекеттик тил күнү белгиленип, мугалимдерге сыйлыктар тапшырылды







Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө арналган майрамдык салтанат болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, билим берүү тармагынын өкүлдөрү, студенттер катышты.
"Иш-чара Ош шаардык маданият башкармалыгынын кызматкерлеринин, Ош кыргыз улуттук драма театрынын артисттеринин, окуу жайлардын, мектептердин чыгармачыл топторунун коштоосунда сахналаштырылган көрүнүштөр жана концерттик программалар менен коштолду.
Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон барандуу салымы, ак ниет эмгеги жана Ош шаарынын коомдук-саясий турмушуна активдүү катышкандыгы үчүн бир нече мугалим мэриянын Ардак грамоталары жана баалуу белектери менен сыйланды. Ошондой эле жаш кыргыз тилчи мугалимдерге баалуу белектер тапшырылды", - деп жазылат маалыматта.
Мындан тышкары “Манас таануу” интеллектуалдык таймашынын республикалык турунда 3-орунду камсыз кылган мугалимдерге ноутбук, залкар ойчул Хусейин Карасаевдин, Касым Тыныстановдун 120 жылдык иш-чарасын жогорку деңгээлде уюштурган мугалимдерге акчалай сыйлык жана телевизорлор тапшырылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-26

12:02
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.