Кечээ кечинде Жалал-Абадда жер титиреди
Кечээ, 22-сентябрь күнү кечки саат 22:07де Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 жарым баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
"Жер титирөөнүн очогу Ат-Ойнок кырка тоолорунда, Көл айылынан 5 чакырым түштүк-чыгыш, Алмалуу айылынан 5 чакырым түндүк-чыгышта жайгашкан", - деп жазылат билдирүүдө.
Калктуу конуштарда жер титирөөнүн күчү Көл, Алмалуу айылдарында 3 жарым балл, Кырк-Казык, Ак-Тектир, Кара-Күңгөй, Чоң-Арык, Чолпон-Ата айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-26

12:02
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.