"Этникалык кыргыздардын документ алуусу". Токон Мамытов БУУнун Качкындар боюнча өкүлдөрү менен жолугушту
Кечээ, 22-сентябрда укук коргоочу Токон Мамытов БУУнун Качкындар боюнча башкы комиссарынын башкармалыгынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.
Жолугушууга Борбор Азия боюнча өкүл Ханс Фридрих Шоддер, Казакстандагы мульти өлкөлүк офистин жарансыздык маселелери боюнча кеңешчиси Роман Мамин жана Кыргыз өлкөсүндөгү улуттук офистин башчысы Асел Шаршеева катышкан.
Тараптар качкындарга байланыштуу маселелерди жана Качкындардын статусу жөнүндө конвенциянын (1951) жоболорунун ишке ашыруу тууралуу пикир алмашышты. Кыргыз өлкөсү 1997-жылдан тартып аталган Конвенциянын катышуучусу болуп саналат.
"Токон Мамытов этникалык кыргыздарды документтештирүүдө келип чыгуучу көйгөйлөрдү баса белгиледи. Атап айтканда, этникалык кыргыздардын туулгандыгы тууралуу документтеринде бир кезде башка улуттардын өкүлү катары жазылып калган. Ал эми алардын ата-энелери этникалык кыргыздар болуп саналат. Кыргыз Республикасынын президентинин 2021-жылдын 8-июлундагы этникалык кыргыздардын жана кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуусунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби жөнүндө убактылуу жобо тууралуу жарлыгы чыккан. Бирок ошого карабастан этникалык кыргыздар тарыхый мекенине келип, жарандык алууда эле эмес, улуттук паспорт алууда да бир топ кыйынчылыктарга дуушар болушат", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, “Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө” мыйзамдын 2-беренесине ылайык, акыйкатчы Кыргыз өлкөсүнүн жарандарынын укуктарын кайсы жерде болгонуна карабастан жана Кыргыз Республикасында жүргөн чет өлкөлүктөрдүн жана жарандыгы жоктордун укуктарын коргойт.


