super.kg logo

"Сыртка экспорттоого лицензия берилген". Алтын концентратынын Кытайга чыгарылып кеткени боюнча Бажы кызматынын түшүндүрмөсү

 

Мамлекеттик бажы кызматы өлкөдөн 17 жүк ташуучу унаага жүктөлгөн алтын концентраты Кытайга чыгарылып кеткени айтылып жаткан маалымат боюнча билдирүү жасады. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдиришти.

"Тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары колдонулган товарларды экспорттоого байланышкан бажы операцияларын жүргүзүүдө бажы органдары Евразиялык экономикалык комиссиянын 2015-жылдын 21-апрелиндеги №30 чечими боюнча экспорттоого уруксат берүү тартибин жетекчиликке алышат.

Импорт жана экспорт Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан берилген уруксат кагазынын негизинде гана ишке ашырылат.

Өкмөттүн 2016-жылдын 24-мартындагы №142 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы "КАЙДИ" тоо-кен инвестициялык компаниясына (жоопкерчилиги чектелген коом) 2021-жылдын 26-августунда "флотациялык концентратты" сыртка экспорттоого лицензия берген.

Бажы кызматкерлери жогорудагы чечимге жана өлкө мыйзамдарына ылайык "флотациялык концентратты" чыгарууга байланыштуу бажы операциясын жүргүзүшкөн", - деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, кечээ, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Аккулу Бердибаев аткезчилик жол менен алтын концентратын Кытайга алып чыгып кетишкенин айтып чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: