super.kg logo

Эл көп, тыгын... Бишкектеги транспорт маселеси качан чечилет?

 

Өлкө боюнча 15-сентябрдан баштап жаңы окуу жылы башталганына байланыштуу Бишкек шаарында жол тыгындар көбөйүп, коомдук транспортко эл жык-жыйма толуп бир топ ыңгайсыздык жаратууда.

Бишкек шаардык мэриясынын маалыматы боюнча бүгүнкү күндө Бишкек шаарында орточо эсеп менен 1 миң 56 даана коомдук унаа каттамга чыгууда. 1 миң 56 даана коомдук унаалардын ичинен:

Муниципалдык автобустар - 89;

Муниципалдык троллейбустар - 126;

Менчик автобустар - 81;

Менчик кичи автобустар - 760.

Аялдамада коомдук транспортту бери дегенде 6-7 мүнөт күтөсүң, бирок күткөн автобус же троллейбусуңда бут коёрго жер жок жык толгон болсо, айла жок ага отурбай кийинкисин күтүүгө туура келет. Ошентип 15-25 мүнөт өтөт. Бирок баары бир кенен кете албай тыгылып кетмей...

Мэрия бул транспорт маселесин кантип чечкени жатат? Бишкек шаарынын транспорт боюнча вице-мэри бүгүн алмашылгандыктан бул суроого так жооп ала алган жокпуз.

22-июнда Бишкекте коңшу Өзбекстандын өндүрүшүндөгү япон ISUZU брендинин газ менен жүрүүчү 50 экологиялык автобустары линияга чыккан. Мэрия 2022-2023-жылдары газ менен жүрүүчү 700 даана автобус алып келүүнү пландоодо.

Буга карабай транспорт жетишсиздиги курч бойдон калууда. Мэрия кыш келгенге чейин тариф маселесин дагы, транспорт маселесине кошуп элге кыйынчылык туудурбагандай кылып чечип коёт деп ишенебиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: