Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан кызматтык унааларды алуу боюнча долбоорду артка кайтарып алды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
"Шаардыктардын коомдук пикирин эске алуу менен, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан унааны муниципалдык менчикке кабыл алуу боюнча токтомдун долбоорун Бишкек шаардык кеңешинен кайтарып алууну тапшырды. Ал эми 2010-жылы чыгарылган Toyota Prado белгиленген тартипте Транспорт жана жолдор министрлигине өткөрүлүп берилет", - деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, кечээ, 22-сентябрда Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында муниципалдык менчикке кызматтык унаа алуу боюнча суроо талкууланган. Анда вице-мэр Русланбек Акылбеков мэриянын жетекчилиги меймандарды тосуп алуу иш-чараларында жаңы унааларга муктаж экендигин белгилеген.