super.kg logo

Кыргыз жарандары Словакияда кулчулукта калганбы? Тышкы иштер министрлиги үн катты

 

Буга чейин Кыргыз өлкөсүнүн Словакияда иштеп жүргөн жарандары Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго, Акыйкатчы Токон Мамытовго, Тышкы жана Ички иштер министрлигине, УКМКга кулчулуктан куткаруу өтүнүчү менен кайрылуу жасашкан.

Бул боюнча Тышкы иштер министрлиги аларды Словакияга жиберген "Эдвайс Кей Джи" ЖЧКсынын директору бул окуя боюнча Словакияга учуп кеткенин билдирди.

"Эдвайс Кей Джи" ЖЧКсы Кыргыз Республикасынын жарандарын Словакияга ишке орноштуруу укугуна уруксат алуу жол-жобосунан өткөн, учурда №000581 уруксаты бар жана 2021-жылдын башында Кыргыз өлкөсүнүн 13 жаранын Словакияга жөнөткөн. Визалар Казакстандын Нур-Султан шаарынан алынган.

Транспорт компаниясы жана иштөө шарттары тууралуу бардык маалыматтар жарандарга кызмат көрсөтүү келишими түзүлгөнгө чейин түшүндүрүлгөн. 2020-жылы виза алууга бир нече аракеттер болгон, бирок COVID-19 пандемиясынан улам виза 2021-жылдын январь жана февраль айларында алынган жана жарандар Словакияга эки топко бөлүнүп жөнөтүлгөн.

2021-жылдын 22-сентябрында "Эдвайс Кей Джи" ЖЧКсынын директору А.Нишанов учурдагы абалды жөнгө салуу үчүн иш берүүчүлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолугушуу үчүн Словакияга учуп кеткен", - деп билдирди Тышкы иштер министрлиги.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.09.2021. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Лицензия берген сон,контроль кылгыла эми отосуно чыгып
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: