super.kg logo

Америка Кыргыз өлкөсүнө COVID-19га каршы вакциналарды кошумча берүүгө даяр экенин билдирди

 

22-сентябрда Нью-Йорк шаарында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лу жана президенттин улуттук коопсуздук боюнча улук жардамчысы Эрик Грин менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун башында Руслан Казакбаев Дональд Луну жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар "С5 + 1" форматындагы министрлер жолугушуусунун жыйынтыктарын, ошондой эле эки тараптуу мамилелердин башка актуалдуу маселелерин жана регионалдык күн тартибин талкуулашты.

Америкалык тарап Кыргыз өлкөсүнө COVID-19га каршы вакциналарды кошумча берүүгө, ошондой эле демократиялык институттарды андан ары бекемдөө менен бирге ар түрдүү чөйрөлөрдө мындан ары кызматташууга даяр экендигин жарыялады.

Кыргызстанда ооганстандык студенттерди кабыл алуу боюнча жүргүзүлгөн иштер позитивдүү кабыл алынып, кыргыз тарабы студент аялдарды кабыл алууга артыкчылык бериле тургандыгын белгиледи.

Өз ара пайдалуу, айрыкча соода-экономикалык чөйрөдөгү долбоорлорду биргелешип иштеп чыгуу үчүн тыгыз байланышта болуу жөнүндө келишүүлөргө жетишилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: