super.kg logo

Бишкектин мэри жолдорду оңдоо иштерин тездетүүнү тапшырды

 

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Бишкек асфальт сервис" муниципалдык ишканасына барып, жолдорду оңдоо иштерин тездетүүнү тапшырды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мэр шаардык кызматтын ишмердүүлүгү менен таанышып, иш процессинин уюштурулушуна нааразычылыгын билдирген.

"Жунушалиев ишкананын аймагында шаардын муктаждыктары үчүн зарыл болгон брусчатка, бордюр, ирригациялык арыктардын кошумча өндүрүшүн ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды. Ал ошондой эле сапатты көзөмөлдөөнү оптималдаштыруу жана оңдоо процесстерин тездетүү, жол белгилерин орнотуу жана шаардын жолдорунда жол белгилерин колдонуу зарылдыгы тууралуу айтты", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: