Дебитордук карыздын себептерин аныктоо үчүн борбор калаанын мэриясы түзүмдүк бөлүмдөргө текшерүү жүргүзүүнү баштайт.

Аудит "Тазалык", "Бишкекжарык", "Бишкекасфальтсервис", "Бишкек токтотмолор жана унаа туруктары" муниципалдык ишканаларында, Шаардык чарба департаментинде жана "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасында жүргүзүлөт.

Келечекте башка шаар кызматтарында да ушундай текшерүүлөр өткөрүлөт", - деп жазылат мэриянын маалыматында.