Өлкөдө 1-октябрдан тарта пенсиялардын базалык жана камсыздандыруу бөлүгү көбөйтүлөт
Улукбек Марипов 1-октябрдан тарта пенсиялардын базалык жана камсыздандыруу бөлүгүн индексациялоо жөнүндө токтомго кол койду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, чечим президенттин «Пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу жана пенсионерлердин кызыкчылыгын коргоону камсыздоо максатында кабыл алынган.
Тактап айтканда, өткөн жылы пенсиясынын жалпы өлчөмү жашоо минимумунан төмөн болгон пенсионерлердин категориясы үчүн пенсиянын базалык бөлүгү 110 пайызга индексацияланган.
"Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, өткөн жылы пенсионерлердин төмөнкү жашоо минимуму 4 785,4 сомду түздү.
2021-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрү 1,08 индексациялоо коэффициентине индексацияланат.
Пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоонун жыйынтыгы менен жалпы пенсиянын орточо көлөмү 6248 сомду түзөт. Бул пенсиянын жогорулатылганга чейинки орточо көлөмүнөн 8 пайызга жогору, же 455 сомду түзөт. Белгилей кетсек, жогорулатуу суммасы ар бир пенсионердин пенсиясынын өлчөмүнөн көз каранды болот.
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Социалдык фондго пенсиянын базалык бөлүгүн өз убагында кайра эсептөөнү жана аларды жаңы өлчөмдө төлөп берүүнү камсыз кылуусу тапшырылды", - деп жазылат маалыматта.




1 |