super.kg logo

Ош шаары кышка жылуулук берүү мезгилине толук даяр

 

Бүгүн, 23-сентябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Ош муниципалдык «Жылуулуккамсыздоо» ишканасынын ишмердүүлүгүн көрдү. Аталган ишкананын жетекчиси Бекмурза Эргешов ишкана кышка толугу менен даяр экендигин билдирди. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, шаар башчысы жабдыктарды алмаштыруу менен электр энергиясын үнөмдөө багытын карап чыгуу зарылчылыгы бар экендигин билдирген.

"Алгач шаар башчысы ЮВР-2 отканасына барды. Бул откана 1975-жылы курулуп мазут менен иштеген, бирок 1998-жылы шаардын экологиясын сактоо максатында жогорку чыңалуудагы электр отунуна которулган. Откана 16 көп кабаттуу үйдү, бир балдар бакчасын, бир мектеп, бир балдар китепканасын, Илим мектебин жана ОшТУнун коледжин тейлейт", - деп айтылат маалыматта.

Ош муниципалдык «Жылуулуккамсыздоо» ишканасында жалпысынан 86 откана бар. Алардын 19у электр энергиясы, 66сы көмүр, 1 откана газ жана көмүр менен иштейт. Шаар боюнча 95 мамлекеттик жана социалдык мекемени, 303 көп кабаттуу үйдү, 230 менчик үйдү жылуулук менен камсыздайт. Жалпы 14 190 абонент бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: