Орусиянын Новосибирск аймагында 200гө чукул карганын өлүгү табылды
Орусиянын Новосибирск облусунун Уесть-Тарка айылында 200гө жакын карганын өлүгү табылды. Бул тууралуу аталган аймактын Ветеринария башкармалыгынын башчысы Сергей Кузлякиндин билдирүүсүнө шилтеме берүү менен орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 200гө жакын карганын өлүгү кечээ эртең менен табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, бул уулануудан улам болушу ыктымал. Себеби башка канаттуулар жабыркаган эмес.
Кузлякиндин айтымында, каргалардын өлүгү чогултулуп, лабораторияга жиберилди. Анын жыйынтыгы келе жаткан дүйшөмбү күнү белгилүү болот. Ветеринария кызматкери өлгөн каргалардын көбү жаш канаттуулар экендигин кошумчалаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:38
2025-07-16
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
KG-312

24.09.2021. 00:49
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эми булардын бизге эмне кереги бар? Өлсө өлүптүрда бир жырткыч куштар!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.