super.kg logo

Депутат: "Таза Ысык-Көл" фонду уюштурган ишембиликте 300 килограммга жакын таштанды тазаланды"

 

Бүткүл дүйнөлүк тазалыкты коргоо күнүнүн алкагында уюштурулган иш-чара быйыл 17-18-сентябрь күндөрү уюштурулган ишембилик менен коштолду. Бул тууралуу депутат Бактыбек Турусбеков “Парламент” радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анда Чолпон-Ата шаарына жакын жердеги Ысык-Көлдүн жээги, суу түбүндөгү аралыктар таштандылардан тазаланды.

Эл өкүлү “Таза Ысык-Көл” коомдук фонду менен биргеликте уюштурулган ишембиликте 300 килограммга жакын акыр-чикирлер тазалангандыгын билдирди. Алардын арасында турмуш-тиричиликтен калган калдыктар, балык уулоочу торлордун иштен чыккандары табылды.

“Көл түбүнө түшүп желим бөтөлкөлөрдү эле эмес, полиэтилен баштыкчаларын, ичинде калып калган балыктары менен жыттанып баштаган торлорду көрүп зээн кейиди. Кол күчү менен алып чыга ала турган зыяндуу предметтерди тазаладык. Жалпысынан көл ичи узундугу 14 чакырым келген тор тазаланып, 10 тонна таштандыдан арылды. Көп керексиз нерселер “Рух Ордо” маданий комплексинин, резиденциянын аймагына жакын жерден табылды. Көлгө аяр мамиле кылып, аны таза сактоо менен келечек муундарга мурас кылышыбыз керек”, - деди Турусбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: