Кыргыз өлкөсү менен Латвиянын тышкы иштер министрлери Кыргыз мамлекетине Ооганстандын студенттерин кабыл алуу боюнча сүйлөшүштү
БУУнун башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын алкагында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Латвиянын тышкы иштер министри Эдгарс Ринкевичс менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашып, өз ара сапарларды уюштуруу, ошондой эле ТИМдер аралык саясий консультациялар жана Латвиянын жогорку делегациясынын жана бизнес өкүлдөрүнүн 5-ноябрда Бишкекте өтүүчү Европа Биримдиги-Борбордук Aзия биринчи экономикалык форумуна катышуусу аркылуу саясий диалогду тереңдетүүгө басым жасашты.
Соода-экономикалык чөйрөдө өз ара пайдалуу кызматташтыкты активдештирүүнүн зарылдыгы белгиленди.
Министрлер эки тараптуу укуктук базаны кеңейтүү жана гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча конкреттүү маселелерди талкуулашты.
Ооганстандагы абал жана Кыргыз мамлекетине Ооганстандын студенттерин кабыл алуу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу өзүнчө каралды.
Тараптар ошондой эле ар кандай эл аралык аянтчаларда бири-биринин демилгелерине колдоо кɵрсɵтүү ниетин билдиришти.




1 |