Нурбек Токтакунов коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн каражаттар уурдалып жатканын айтат. УКМК муну четке какты
УКМК коррупциялык, экономикалык кылмыштардан келтирилген зыян үчүн жана өлкөнүн бюджетин толтуруу боюнча, улуттук коопсуздук органдары тарабынан жүргүзүлгөн системалуу иштер тууралуу маалымат тараткан юрист Нурбек Токтакуновдун билдирүүлөрүн тастыкталбаган жана негизсиз деп, чындыкка дал келбестигин билдирет.
Белгилүү болгондой, учурда улуттук коопсуздук органдары, кызматтын спецификасына карабастан, ачык жана үзгүлтүксүз негизде коррупцияга каршы күрөшүү жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыктары жөнүндө коомчулукка маалымат берип турат.
"Жалпыга маалымдоо каражаттарына республиканын бюджетине кайтарылган зыяндын жыйынды маалыматтары, коомчулуктун кеңири реакциясын жараткан конкреттүү кылмыш иштери боюнча дагы ушундай маалыматтар берилет.
Улуттук коопсуздук органдары тергеген кылмыш иштеринин алкагында келтирилген зыяндын ордун толтуруу Жазык-процессуалдык мыйзамдар менен так жөнгө салынат, анын аткарылышын көзөмөлдөө прокуратура органдары тарабынан үзгүлтүксүз жүргүзүлөт. Анын үстүнө, белгиленген акча каражаттары жазык иштери боюнча акыркы процессуалдык чечимдер кабыл алынгандан кийин дароо жана толугу менен өлкөнүн бюджетине чегерилет, ал эми зыяндын ордун толтуруу үчүн шектүүлөр өткөрүп берген мүлк Мамлекеттик мүлк фондунун балансына алынат.
Жакында улуттук коопсуздук органдары коррупция жана экономикалык кылмыштардан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча эбегейсиз иштерди жүргүздү. Юрист Токтакуновдун куру сөздөрү жана жалган билдирүүлөрү коомчулукту адаштырып, кара пиар аркылуу коррупцияга каршы жүргүзүлгөн саясаттын оң натыйжаларын жаманатты кылууда", - дешти мекемеден.
Буга чейин Нурбек Токтакунов коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн каражаттар уурдалып жатканын билдирген. "Мен Финансы министрлигинен укук коргоо органдарынын эсептерине кылмыштар үчүн кайтарылгандардан кандай каражаттар топтолгонун, республикалык бюджетке канча которулганын жана алар кандай жумшалганын сурадым. Министрлик "бул каражаттар республикалык бюджетке таптакыр түшкөн эмес, алар укук коргоо органдарынын депозиттик эсептеринде калат" деп жооп беришти", - деген Токтакунов.


