super.kg logo

Азия өнүктүрүү банкы Кыргыз өлкөсүнө 80 миллион доллар бөлөт

 

Азия өнүктүрүү банкы кыргыз экономикасын диверсификациялоого багытталган аракеттерди колдоо программасын бекитип, 80 миллион доллар бөлөт. Бул туурасында аталган банктын расмий сайтына жарыяланды.

Экономикалык диверсификацияга көмөктөшүү программасынын (PEDP) экинчи кичи программасына ылайык, банк экономика алтын казып алуудан жана акча которуулардан көз карандылыктан кеңири, туруктуу жана инклюзивдүү өсүүгө өтүүгө 69 миллион 300 миң долларлык реформаларды аткарууга багытталган насыя жана 10 миллион 700 миң доллар грант берет.

Программа сооданын жана инвестициялардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуучу реформаларды колдойт, чакан жана орто ишканалардын (ЧОИ) өнүгүүсүнө, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу инфраструктураны өнүктүрүүнү жакшыртууга, сектордук көндүмдөрдү өнүктүрүүгө, фискалдык башкарууну жана социалдык коргоонун туруктуулугун жакшыртууга жардам берет.

2019-жылы АӨБдүн директорлор кеңеши өкмөткө айыл чарба, соода жана инвестициялык атаандаштыкка жөндөмдүүлүк, ЧОИды өнүктүрүү, МЖӨнү өнүктүрүү жана өнөр жайдагы көндүмдөрдү өнүктүрүү жаатында болгон саясат жана институционалдык реформалар үчүн негиз түзүүгө жардам берген PEDP'тин биринчи чакан программасын ишке ашыруу үчүн 50 миллион долларлык грантты жактырды.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасы аталган банкка 1994-жылы мүчө болуп кирген, ошол учурдан бери Азия өнүктүрүү фондунан 41 насыя жана 31 грант, Япониянын жакырчылыкты жоюу фондунан 8 грант алды. Андан сырткары 98 техникалык көмөктөшүү долбоорлору каржыланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: