super.kg logo

Саламаттыкты сактоо министри: "Коронавирус илдетинин басаңдап жатканына байланыштуу бир катар стационарлар жабылат"

 

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев "Биринчи радиого" берген маегинде илдеттин басаңдаганына байланыштуу пандемия күч алып турган маалда ачылган стационарлардын басымдуу бөлүгү жабыларын билдирди.

"Пандемия күчөп турганда биз 6 жарым миңге жакын орундуу бир канча стационарларды ачканбыз. Дагы 2 жарым миңдей орундуу жайлар ачылуу алдында турган. Азыр илдеттин басаңдап жатканына байланыштуу мурда ачылган стационарларды жаап жатабыз. Алар мурдагыдай салттуу түрдө иш алып барууга өтүшөт", - деди министр.

Ал эми айрым инфекциялык ооруканалар жана стационарлар вируска чалдыккандарга кызмат көрсөтүүнү уланта берерин билдирди.

Ошондой эле коронавируска чалдыккандардын саны азайып жатканына карабастан, илдеттен сактануу чараларын күчүндө кармоого чакырды.

"Азырынча кубануу эрте. Себеби вирус эч жакка кетпейт. Ал күндөн-күнгө мутацияга учурап, жаңы түрлөрү пайда боло берет. Ушул жылдын ноябрь, декабрь айларында төртүнчү толкуну күтүлүүдө. Эмне үчүн ноябрда? Анткени ал убактарга жакын коронавирус эле эмес, бир катар сасык тумоо оорулары пайда боло баштайт. Бирок анын да алдын алабыз", - деп кошумчалады министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.09.2021. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Көзү ачыктар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: