super.kg logo

"Дарыларды алмаштырып салышы мүмкүн" деп ТИМ кызматкеринин апасы президентке кайрылды

 

Бүгүн, 24-сентябрда "Тышкы иштер министрлигинин кызматкери Бахтияр Шакировдун трагедиялуу өлүмү жазасыз калабы?" деген маалымат жыйын өтүүдө. Бахтияр Шакиров Саламаттыкты сактоо министрлигинин Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда кадимки тамырга ийне сайдырып жатып каза болгон.

Маалымат жыйында тун уулунан айрылган мүмкүнчүлүгү чектелген Салтанат Акунова дарыларды атайын алмаштырып салышкандыгын айтып, президент Садыр Жапаровдон бул иштин кылдат териштирилишин өз көзөмөлүнө алуусун суранды.

"Мен медициналык кызматкер катары ойлойм, бул деген атайын эле жасалган тамчылатма дары. Биринчи вакцинага шылташты, ал коронавирус менен ооруган эмес жана эмдөө да алган эмес. Андан кийин курч жүрөк жетишсиздиги дешти. Алар атайын анын организмин анафилактикалык шок абалына келтиришкен.

Президент Садыр Жапаровдон баламдын ишин прокуратурага өткөрүп берүүнү суранам жана медицина жаатындагы иштерди кылдат текшерүүгө алынышын суранат элем, бизден башка дагы көп адам жабыр тартып калбашы үчүн”, - деп билдирди апасы.

Эске салсак, 1-апрелде ТИМ кызматкери Бахтияр Шакиров Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда көз жумган. Буга байланыштуу аталган оорукананын жетекчиси, башкы дарыгер, лор бөлүмүнүн башчысы жана медайым убактылуу кызматтан кетишкен.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы маалымат катчысы Елена Баялинова социалдык тармактагы баракчасына Шакиров коронавируска каршы эмдөө алгандан кийин каза болгонун билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: