Саламаттыкты сактоо министри: "Эмделгендиги тууралуу жасалма сертификат сатып, акча тапкандар четинен кармалып жатат"
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Биринчи радиого берген маегинде коронавируска каршы эмдөө алгандыгын тастыктаган жасалма сертификаттарды сатып, акча таап жаткан адамдар четинен кармалып, кылмыш жоопкерчилигине тартылып жатканын билдирди.
"Бизде эмделгендиги тууралуу жасалма сертификаттардын жашыруун сатылып жаткандыгы тууралуу маалыматтарды аларыбыз менен тиешелүү кызматкерлер иликтөөнү башташкан. Натыйжада мындай мыйзамсыз иш менен шугулданган бир топ адамдар кармалып, учурда кылмыш иши козголду. Алардын баары мыйзам алдында жооп беришет.
Жасалма сертификат сатып акча тапкысы келгендердин арасында медицина кызматкерлери да бар болуп чыкты. Алардын көбү телефон аркылуу сүйлөшүп жаткан учурда Орусиянын номерлерин колдонуп жатабыз деп ойлошсо керек же болбосо атайын программисттерге кайрылышкан. Бирок алар бир катар жагдайларды эске албай калышкан экен. Биздин кызматкерлер менен укук коргоо органдары баарын көзөмөлдөп турат жана бул ишти токтотуу үчүн бүт аракеттер жасалууда", - деди министр.
Ошондой эле буга чейин Ысык-Көлдүн Тоң районунда Баткен облусунда иштеген мугалимдерге 20 сертификат берилген факты аныкталганын кошумчалады.


