super.kg logo

Алымкадыр Бейшеналиев вакцина алган соң каза болду деген аял тууралуу айтты

 

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Биринчи радиого берген маегинде буга чейин эмдөө алгандан кийин каза болуп калганы айтылып жаткан Назгүл Исакованын өлүмү вакцина менен байланыштуу болбогонун билдирди.

"Жалпыга маалымдоо каражаттарында талкууланып жаткан Назгүл Исакованын өлүмү боюнча жүргүзүлгөн акыркы соттук-экспертизанын жыйынтыгында, ал вакцина алганга чейин коронавирус менен ооруп жатканы белгилүү болду. Ошондой эле илдет өөрчүп пневмонияга өтүп кеткен. Назгүл Исакова вакцинадан эмес, коронавирустан улам каза болгон", - деди министр.

Ал ошондой эле азырынча Кыргыз өлкөсүндө вакцина алгандан кийин каза болуп калганы далилденген учурлар каттала электигин кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин Назгүл Исакова аттуу 46 жаштагы жарандын Спутник V вакцинасын алгандан 2 күн өткөндөн кийин каза болуп калганы тууралуу маалыматтар тараган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.09.2021. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары бир силер күнөөлүүсүңөр. Ооруп жаткан болсо, текшерип анан укол сайыш керек эле го?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: