№19 абакта октон каза болду деген жоокердин апасы "Ала-Тоо" аянтында өлкө башчыга кайрылды
№19 абакта октон каза болгон Рустам Имановдун апасы Асыл Адылова "Ала-Тоо" аянтына келип, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады.
Анда ал өлкө башчы бул ишти өз көзөмөлүнө алуусун, аны кабыл алып окуянын чоо-жайын өз оозунан угушун талап кылууда.
"Ала-Тоо" аянтына шектүү катары суралып жаткан Кайрат Соңкөловдун дагы жакындары келишкен.
Буга чейин SUPER.KG порталына маркумдун апасы уулун өзүн-өзү атып алды деген сөзгө ишенбей тургандыгын айтып, окуянын чоо-жайы тууралуу айтып берген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-26

12:02
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.