super.kg logo

"Элиза үй буюмдарынын" 500дөй катталуучусу чогулду. Милиция окуя боюнча маалымат берди

 

Социалдык тармакка "Элиза үй буюмдары" боюнча видео тарады. Анда видеого тарткан автордун "катталгандар чогулуптур, алар Элизанын апасын алып кетишти" дегенин угууга болот.

Видео 23-сентябрда Бишкектин Фучик жана Месароша көчөлөрүнүн кесилишинде тартылганы белгилүү болду. Бул туурасында Биринчи Май РИИБинин маалымат кызматынан маалымдашты.

"Элиза үй буюмдары" каржы пирамидасынын өкүлү жарандарга акчаларын кайтарып берерин социалдык тармак аркылуу билдирген. Мындан улам аталган дарекке 500 киши чогулган. Бирок "Элиза үй буюмдарынын" өкүлү Б.Э. жолугушууга келген эмес.

Жерине милиция кызматкерлери барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин жарандар тарап кетишти", - дешти мекемеден.

Эске салсак, 27-июлда "Элиза үй буюмдарынын" өкүлдөрү алдамчылыкка шектелип кармалганы маалымдалган. Алар "каржы пирамидасын уюштуруу" беренеси боюнча шектелип, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.09.2021. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ааа келесоолор ошого дагы деле ишенип журосунорбу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: