Ошто эл аралык "Танк биатлон" мелдешинде 1-орунду алган аскер кызматкерлери сыйланды





Бүгүн, 24-сентябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Орусия Федерациясынын куралдуу күчтөрү менен биргеликте өткөрүлгөн эл аралык “АрМИ-2021” танктык биатлон жана десанттык взвод мелдештерине катышып, 1-орунду ээлеген Ош гарнизонунун аскер кызматкерлери менен жолукту. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Мэриянын маалыматына ылайык, жолугушууда шаар башчысы аскерлерге мындан аркы иштерине ийгилик каалап, өлкө намысын бек сактап, ар дайым бийиктиктерди багындырып жүрө беришине тилектеш экендигин билдирди.
Сыйлоо аземинде шаар мэри төмөнкү аскер кызматкерлерине 5000 сомдон акчалай сыйлык жана Ардак грамоталарды тапшырды.
- Дилмурад Азизов 36806 аскер бөлүгүнүн танкалык батальонунун 1-ротасынын улук механик айдоочусу, кенже сержант;
- Курманбек Надирбеков 36806 аскер бөлүгүнүн 1-танкалык ротасынын командири, капитан;
- Рустам Садиков 01003-аскер бөлүгүнүн соотанк кызматынын башчысы, полковник;
- Бекмурза Суюнбай уулу 30630 аскер бөлүгүнүн улук механик айдоочусу, сержант;
- Нурсултан Тажибай уулу 30630 аскер бөлүгүнүн улук механик-айдоочусу, ефрейтор;
- Амангелди Төрөбек уулу 36806 аскер бөлүгүнүн танкалык батальонунун 1-танкалык ротасынын улук мээлегичи, катардагы жоокер;
- Исхак Тыналы уулун 30670 аскер бөлүгүнүн Т-72М танкасынын командири, сержант;
- Ырысбек Шайып уулу 30670 аскер бөлүгүнүн танкалык взводунун командири, улук лейтенанты.
Эске салсак, буга чейин Кыргыз өлкөсүнүн жоокерлери Орусияда өтүп жаткан "Танк Биатлону 2021" эстафетасында чемпион болушканы жазылган.




1 |