super.kg logo

"Бажы системасындагы кадрдык өзгөрүүлөр менен иш оңолбойт". Улукбек Марипов бажы кызматынын ишине токтолду

 

Министрлер кабинетинин жыйынында "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзам долбоору каралды.

Анда Улукбек Марипов фискалдык системаны санариптештирүү олуттуу натыйжаларды берип жатканын, салык кызматы салык боюнча белгиленген планды 105 пайызга аткарганын белгиледи. Бул туурасында министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Бажы кызматынын иши жөнүндө айта турган болсок, биз канчалык кадрдык өзгөртүүлөрдү жасабайлы бажы системасын толугу менен автоматташтырбасак, иш оңолбойт. Биз бажы кызматы менен бизнес өз ара байланышпаган процессти түзүшүбүз керек. Жакын арада бажы декларациясын дистанциялык түрдө толтуруу системасы ишке киргизилиши керек", - деди Марипов.

Талкуунун жыйынтыгы боюнча келип түшкөн сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзам долбооруна макулдук берүү чечими кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: