super.kg logo

"Электр жарыгы өчүп калды, бирок эл өзү жарык кылып турду". Сейил бакта өзгөчө атмосферадагы иш-чара болуп өттү үрөт, видео)

 

Бүгүн, 25-сентябрда Бишкек шаарындагы "Ынтымак 2" сейил багында "Бир адамдан бир китеп" долбоорунун алкагында "Китепкөй Кыргызстан" аталышындагы интеллектуалдык маданий иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага экс-министр, коомдук жана мамлекеттик ишмер Нуржигит Кадырбеков, акын Акбар Кубанычбеков, ырчылар Азиз Батыров жана Нурчолпон, жаш талант Акмарал Эркинбек кызы катышты.

"Мындай адамдар бар үчүн рух тирүү, билим тирүү. Кыргыз мамлекети дүйнөдөгү эң окурман өлкө болмоюнча, мындай иштер улантылат". Мындай пикирин экс-министр Нуржигит Кадырбеков билдирди.

"Биз тилек кылдык эле, пикет үчүн эмес, китеп үчүн эл топтолсо экен деп. Ошол күн жакындап келе жатат. Бул жөн эле нерсе эмес, бул ыктыярчылардын, "Бир адамдан бир китеп" долбоорундагы уул-кыздардын эмгегинин акыбети" - деди ал.

Айтмакчы, ар иштин жакшы жагы менен биргеликте кемчилиги болот эмеспи. Аны сыңарындай саамалыктын жүрүшүндөгү жарыктын өчүрүлүшү боюнча жогоруда аталган коомдук ишмер өз пикирин айта кетти.

"Иш-чарада күтүлбөгөн нерселер болду. Жарык жанбай калды, бирок эл өзү жарык кылып турду. Чынында рухтун, акылдын жарыгы башкача болот. Эгер митинг, саясий иш-чара болсо, мындан сонундар табылмак. Бизде каражат жана энергияны туура эмес жакка коротуп аткандай эле боло беребиз. Туура эмес жакка баары табылат, а туура жакка келгенде эле ушундай кыйын болот экен. Бирок жокчулуктун балдары, токчулуктун балдарына караганда тың чыгат деген сөз бар го. Ошондуктан мындай кырдаалга карабай, өз иштерин так аткарган уул-кыздардын эмгегинин жыйынтыгы чоң, жаркын келечекке алып барат деп ишенем" - дейт ал.

Ал эми акын Акбар Кубанычбеков төмөнкүлөргө токтолду: "Бир апта мурда сейил бактын бош турганын көрүп, ушул жакка сонун кечелер өткөрүлсө деп кыялданып койгом. Кудай жалгап, бүгүнкү иш-чарада ыр окуп, өз кызматыбызды кылып жатканыбызга кубанычтамын".



"Бактар саргайып, жамгыр жаабаган сыяктуу эле, адамдар да кадимкидей руханий, интеллектуалдык жактан суусап калды деп ушул иш-чараны уюштурдук. Биз акындар, коомго белгилүү инсандар менен жаштарды, элдерди жолуктуруп, алардын ортосуна бирдиктүү аянтча түзүп берсек экен деп ниет кылганбыз. Ал эми электр жарыгынын күйбөй калгандыгы боюнча тиешелүү администрацияга кайрылдык. Алар бири-бирине шылтап, маселе оң жагына чечилген жок. А бирок иш-чара бүтүп, эл тарагандан кийин сейил бакта жарык күйүп, адаттагыдай эле көңүл ачуучу иш-чаралар болгондугу айтылып жатат. Ошентсе да бүгүнкү иш чара өз максатына жетти деп ойлойм"
- дейт долбоордун негиздөөчүлөрү Бакай Акылбеков менен Эрлан Смайыл уулу.

Буга улай эле аталган долбоордун жалпы жамааты SUPER.KG порталына ыраазычылык билдирип кетишти. Ал эми келген коноктор иш-чара жогорку деңгээлде өтүп, "баш" жана "төш" казанды толтуруп кетишкендерин айтышты.

Аталган саамалык китеп сүйүүчүлөрдүн катышуусунда бүйүр кызыткан программалар менен өттү. Ошондой эле иш-чаранын алкагында акындардын ыр айтуусу, беделдүү инсандардын насаат сөздөрү айтылды. Иш-чара дээрлик үч саатка созулду. Келген коноктордун көпчүлүгү окуучулар жана студенттер болду.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
26.09.2021. 02:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
15 жыл мурда ушул суротту корсом Кыргызстан деп атамак эмесмин.Хиджап кийуу салтка айландыбы ,же жаштардын курулай оронгон модасына айландыбы?Социалагический зрение менен караганда коом озгоруп эл туура жолго тушуп жатат дейин десем,зордук зомбулук,ур токмок,зоокурлук аялдарга карата токтобой эле келе жатат.Сырттан караган киши кыргыздар эмес арабтар же афганистан деп айтуусу толук ыктымал.(Жата калып минус басуучулар кадырынар жан болсун.Ар ким оз ойун толук жазууга акылуу.)
26.09.2021. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
mira28,1916-жылдары Россия кыргыздарды басып албаганда, азыркы аял-кыздар ушундай эле жоолукчан болмок балкии. Себеби ошол жылдарга чейин кыргыз кыздары деле хиджаб кийип келген дешет жана сүрөттөрү дагы бар.
26.09.2021. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Asyl.jazi,
Кыргыз элине исламдашуунун, хиджабташуунун кереги жок. Мунун озу аялдар учун узак проблемаларды жаратат. Бийлик буга терен конул бурушу керек.
alimbek94 түзөттү 2021-09-26 16:59:26
26.09.2021. 06:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба да, мен да ошону дароо байкадым, бут эле оронгон, чулгангандаргоо...
Эн негизгиси фанатик болбогулачы айланайвндар. Кыргыз жок болуп он жыйырма жылда араб болуп кетебиз го баарыбыз бул темпте кетсек
26.09.2021. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
suban78,кыздардын кийген кийимине эмес, иш чаранын маани-маңызына көңүл бурсак жакшы болмок
26.09.2021. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Асылганыңар жоолук хиджаб болдубу?
Элестеткиле, ушул оронгон кыздар баары жарым-жыланач жургонун. Кыргызстан деп айтасынарбы ошону? Мээнерге …….
26.09.2021. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Алдыда отурган кыздын саны толук корунуп калыптыр го..
Бирок көбүнчө жалаң ыймандуу кыздар келиптир. Демек китеп окугандар ыйманга келет.
Китеп окубагандар жолуктун, кыздык наздын кадырына кантип жетмек..
26.09.2021. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
supish2017, ал ырчы Нурчолпон
26.09.2021. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
supish2017,кайдан билесин ыймандуу экенин?Жоолук оронуп уйунон качып кеткен кыздар,жоолук оронуп телефон уурдаган кыздар,уй -булолуу кишинин турмушун бузган кыздар,эч кандай коомго жардамы тийген жок.Болгону улуттук идеологияны таптакыр башка нукка буруп жатат.Жон гана мода болду да калды.Жигиттер болсо жоолукчан кызды корсо шилекейи агып кийими жок кызга караганда кобуроок суктанып тиктемей болду.Анын ичинде кандай кыз жатканы кызыктырып да койбойт.Хиджаб XXI кылымдын МОДАсы и все...
26.09.2021. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mira28, "өзү боло албайт, болгонду көрө албайт" болбой, жакшыны жакшы деш керек
26.09.2021. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mira28,Ууруда уят болмок беле...Бизди байкабасын деп хиджаб кийип уурулук кылып жатат да.Хиджаб кийип уурулук кылгандар,намаз деле окубаса керек. Бул жерде диндин тиешеси жок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: