Камчыбек Ташиев "Алай районунун ардактуу атуулу" наамы менен сыйланды. Ал УКМКнын аймактык имаратынын ачылышына барган













Бүгүн, 25-сентябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын Алай райондук бөлүмчөсүнө курулган жаңы имараттын ачылыш аземи болуп өттү. Ага комитеттин аймактагы өздүк курамы жана жетекчилиги, атайын кызматтын ардагерлери жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты. Бул туурасында аталган комитеттин маалымат кызматынан кабарлашат.
Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Камчыбек Ташиев мындан ары да өлкөнүн аймактарындагы атайын кызматтын бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо аракети активдүү улантыларын белгиледи.
Кызматкерлерден мыйзамдуу милдеттерин так аткаруу талап кылынаарын эскертти. Айрыкча коррупцияга каршы күрөшүү, уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү, чек ара коопсуздугу багыттарына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.
Аземде Камчыбек Ташиевге 2008-жылы Алай райондук администрациясы тарабынан кабыл алынып, бирок аткарылбай калганын айткан район акими, "Алай районунун ардактуу атуулу" наамын берүү чечимине ылайык бүгүн Камчыбек Ташиевге тийиштүү сыйлыкты ыйгарды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-26

12:02
2025-07-26

Рейтинг:
0

Барпы кай жакта Алай кайда.
Анчалык эле болду ошол имаратты курган усталарга да берүү керек. Лента кескенге эле бере бербей.
Баягы жаламай өнөкөт кайра башталыптыр да. Исхак Раззаковдой эл башчыларга качан күбө болот экенбиз..
ал интернатта Ташкентте окуган, жогорку окуу жайын ошол жактан бүтүп бир совхоздо директор болуп иштеп жүргөн, Кыргыз ССРине өзбектердин жардамы менен жетекчи болуп келген, Баткендеги Сох,кемпир абад суу сактагычын туугандар Исхактын жардамы менен алышкан,башкача айтканда
Исхак бышырган боткону биз жеп атабыз, Исхак Раззаков бул кыргыздын чыккынчы уулу,бул нерсени мен аксакал саясатчынын өз оозунан у