Көмүр казууну тездетүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин техникалары тартылды





Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Азиз Аалиев Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында Жумгал районундагы "Кара-Кече" көмүр кенине барды.
Министрлер кабинетинен кабарлашкандай, экономика тармагынын жана калктын 2021-2022-жылкы күз-кыш мезгилине даярдыгына ылайык, республика боюнча жалпысынан 3 миллион 18 миң тонна көмүр керектелет. Анын 950 миң тоннасы "Кара-Кече" көмүр кенине туура келет.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары белгилегендей, социалдык объектилерди көмүр менен камсыздоо иши үстүбүздөгү жылдын октябрь айында башталат.
"Кен казуу иштерин тездетүү үчүн көмүр казуучу ишканаларга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кошумча техникасы берилди. Октябрь айынын башында Нарын облусуна жана республиканын башка аймактарына көмүр жөнөтүлө баштайт. Калктын жана бюджеттик уюмдардын көмүргө болгон муктаждыгы толук көлөмдө канааттандырылат", - деди Азиз Аалиев.
Ал кошумчалагандай, аба ырайынын шарттарына байланыштуу көмүр казуудагы жетишпестиктерге жана күйүүчү-майлоочу майдын баасынын жогорулашына карабастан көмүр казуучу ишканалар тарабынан экономика тармактарын көмүр менен камсыз кылуу планы аткарылат.
Азиз Аалиев билдиргендей, анын жумушчу сапарынын негизги максаты - көмүр ишканаларынын абалы жана көйгөйлөрү менен жеринде таанышуу.
Кавак бассейнинин көмүр казуучу ишканалары тоо-кен жана кошумча жумуштарды уюштуруу, тоо-кен техникасы менен кенди комплектациялоо боюнча, ошондой эле Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын темир жол боюндагы көмүр кампаларына көмүр ташып жеткирүүнү уюштуруу боюнча иштерди аткарып жаткандыгы белгилүү болду. Аталган көмүр Бишкек шаардык ЖЭБге жеткирилет.
Сапар жыйынтыгы боюнча Азиз Аалиев тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилерине 2021-2022-жылкы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча алардын жеке жоопкерчилигин белгилөө менен бир катар тапшырмаларды берди.


