super.kg logo

Сирияда соттолгон кыргыздардын балдарын мекенине кайтаруу маселеси талкууланды

 

Сирияда соттолгон Кыргыз жарандарынын балдарын мекенине кайтаруу маселеси каралды. Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Нью-Йорктогу Бириккен улуттар уюмунун 76-сессиясында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Сирия Араб Республикасынын тышкы иштер министри Фейсал Мекдад менен жолугушту.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кыргыз тарап Сириядагы кырдаалдын өнүгүшүнө кылдат көз салып турат жана көптөгөн курмандыктарга, гуманитардык кырсыкка жана саясий кризистин андан ары күчөшүнө тынчсыздануусун белгиледи. Ушуга байланыштуу Кыргыз мамлекети Сириядагы бардык тараптарды БУУнун ортомчулугу менен өлкөнүн бардык саясий күчтөрүнүн диалогу аркылуу ок атууну токтотууга жана кризисти тынчтык жолу менен жөнгө салууга чакырат.

Ошондой эле Руслан Казакбаев Кыргыз Республикасы өлкөдөгү туруктуулукту калыбына келтирүүнү, Сириянын суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн сактоону жактай турганын белгилеп, дүйнөлүк коомчулуктун биргелешкен аракети сириялык кризисин тынчтык жолу менен жөнгө салууга жардам берерине ишенимин билдирди.

Тараптар Сирияда соттолгон Кыргыз жарандарынын балдарын мекенине кайтаруу маселесин да талкуулашты. Сириянын тышкы иштер министри бул маселеде керектүү жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
26.09.2021. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сирияда пок барбыкен,алданган кок мээлер кеткен да
26.09.2021. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акча иштеп алайын деп кеткендер да болсо керек. Согушсан акча беребиз деп алып кетишет да, наемниктер болушу мумкун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: