super.kg logo

Бир мандаттуу округдан талапкерлигин көрсөткөндөрдүн саны 30дан ашты

 

Бир мандаттуу округдан талапкерлигин көрсөткөндөрдүн саны 30дан ашты. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынан маалымдашат.

25-сентябрда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Талгат Сурналиевден 28-ноябрда өтүүчү Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо №36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) ниети жөнүндө арыз түштү.

Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн документтер БШКга шайлоо күнүнө чейин 40 календарлык күндөн кечиктирбестен, башкача айтканда, 18-октябрь күнү саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш.

Буга чейин талапкерлер: Акылбек Сариев, Арсланбек Малиев, Атамша Дурсунов, Санжар Ибраимов, Анаш Сейтказиев, Нурлан Танабаев, Байыш Курманов, Айбектен Алтынбеков, Актилек Нурланбеков, Абдижалил Насиров, Канат Исаев, Бакыт Төлөгөнов, Айбек Алымжанов, Манас Шаимкулов, Баймурат Бекмуратов, Нурали Талипов, Тилек Усупов, Сабыралы Кебекбаев, Бактыбек Сыдыков, Акжолтой Тукунов, Абдыманап Абдыбахапов, Акылбек Арстанбеков, Аскар Абакиров, Медербек Саккараев, Ырысбек Атажанов, Юлия Лилиенталь, Жусупжан Жээнбеков, Каныбек Ганыев, Кубанычбек Карагулов, Элкинбек Аширбаев, Мирбек Сегизбаев жана Талантбек Сарбагышев шайлоого катышуу ниети тууралуу БШКга арыз калтырышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: