super.kg logo

Ошто курулушу 9 жыл мурда башталган оорукана пайдаланууга берилди

 
Ош облусунун Мангыт аймагында оорукананын жаңы имараты пайдаланууга берилди. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашкандай, бейтапкананын ачылыш аземине министр Алымкадыр Бейшеналиев катышты.
Маалым болгондой, бул оорукананын курулуш иши 2012-жылы башталып, бүгүнкү күндө толук бүткөрүлдү.
"50 орунга ылайыкташкан оорукананын ички жасалгасы жасалып, фасадды жылуулоо иштери жүргүзүлүп, тышкы санитардык түйүн, септик ишке киргизилди, ирригациялык иштер аяктады. Оорукана бюджеттик каражатка курулган. Мекемеде физиотерапия, диагностикалык жана лабораториялык бөлүмдөр, тез жардам станциясы жана өлүккана бар", - деп айтылат билдирүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: