Маркум Болот Шердин туулган жеринде тарыхый комплекс курулат

Белгилүү саясатчы Болот Шердин туулган жеринде тарыхый комплекс курула баштады. Бул тууралуу элчи, маркумдун бир тууганы Садык Шер-Нияз жазып чыкты.
"Таласта Болот Шер агамдын туулган жерине тарыхый комплекс куралы деп чечкенбиз Бокемдин үй-бүлөсү менен. Буюрса, ал жер Талас согушун, Талас курултайын камтыган, туристтер келип таңдана турган жер болсо деген үмүтүбүз бар. Курулуш иштери жүрүп жатат. Кийинки жылы күзүндө ачылышын жасайбыз деген үмүт бар. 30 метрлик тууну Темирлан Сарлыкбек уулунун кеңеши менен Түркиядан алдырганбыз, эми "минтип тууну желбиретип койдук" деп уулум Эрлан сүрөтүн салып жибериптир. Толкундандым. Кыргыздын туусу желбиреп турса ким толкунданбайт", - деген ал.
Эске салсак, Болот Шер 61 жашында каза болгон. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Болот Шер үчүнчү ирет инсульт алып, Улуттук госпиталда дарыланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-26

12:02
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.