Бишкектеги таштанды полигонунда өрт чыгып, коюу түтүн каптады



Бишкектеги таштанды полигонунда өрт чыгып, коюу түтүн каптады. Буга байланыштуу калаа башчысы Айбек Жунушалиев жерине барганын Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашты.
"Кийим-кече өндүрүшүнүн калдыктарын шаардык таштанды төгүүчү жайга уруксатсыз таштоого байланыштуу санитардык полигондун ар кайсы жерлеринде өрт чыгууда. Коюу түтүн таштандынын аймагын, жакын аймактарга, ошондой эле Бишкектин борборуна чейин байкалууда. Учурда борбор калаанын мэриясынын кызматтары өрттү өчүрүү жана таштанды төгүүчү жайдан чыккан түтүндү азайтуу боюнча аракеттерди көрүүдө.
Айбек Жунушалиев көрүлүүчү чараларды күчөтүүнү, полигондогу күйүп жаткан жерлерди тез арада локализациялоо үчүн кошумча жабдууларды жана жумушчу күчүн камсыздоону тапшырды.
Бишкек шаарынын башчысы апта сайын Бишкек санитардык полигонуна барып, мурда берилген көрсөтмөлөрдүн аткарылышын жеке көзөмөлүнө алып турат", - дешти мекемеден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-26

12:02
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.