Интернетте улгайган аялга форма кийгизип жаткан сүрөт нааразычылык жаратты. "Ош Тазалыктын" жетекчиси түшүндүрмө берди



Социалдык тармакка "Ош Тазалык" ишканасынын жетекчиси жумушчусуна күрмө кийгизип жаткан сүрөт тарады. Бул сүрөт интернет колдонуучулардын нааразычылыгын жаратып, "пиар жасап жатат", "форма алып берүү жетекчиликтин милдети", "ак чапан жаап жаткансып" деген сындуу пикирлер айтылууда.
Сын жараткан сүрөт боюнча "Ош Тазалыктын" жетекчиси менен байланышып, окуянын чоо-жайын билдик.
"Кечээ, 25-сентябрда ишкананын бардык кызматкерлерине күз мезгилине карата күрмө жана жарык берүүчү жилет, баш кийимдер тапшырылган. Ал эми тарап жаткан сүрөт боюнча айтсам, биз форманы атайын буюртма менен тиктиргенбиз. Өлчөмү туура келеби, келбейби деп кийгизип көрүп тапшырганбыз. Жумушчуларыбыздын суранычы менен чөнтөктүү күрмө тигилген. Форманы тапшырып жатканда өздөрү каалагандай болгонун айтып, форманы сөзсүз кийип жүрүү керектигин айтканбыз.
Менин күрмөнү кийгизип жатканымды тартып алышыптыр. Негизи ал жерде ишкананын техникалык кызматкерлерине чейин форма тапшырылган. Алардын дагы сүрөттөрү бар. Форма берүү дайыма эле болуп келген, болгону ошол иш-чарадагы эле сүрөт. Андан пиар же саясат жасоо максатыбыз жок", - деди Нурбек Исмаилов.
"Ош Тазалыктын" жетекчиси жалпы жааматка форма тапшыруу учурундагы башка сүрөттөр менен бөлүштү.



Майда нерселерди чон маселе кыла бересинерби майдаланып.
Эми кантсин "Тазалыктын" Башчысы, Сезондук кийимдерди бериптир, анда турган эштеке жок го.
Ал Эми, Инстага бул суротту чыгаруунун кажети жок болчу(((
Инстада ДУНУЙО Жузу боюнча канча деген Адамдар отурушат!
Кыргыздын Кемпирлери деп даны ачыганы да бар, табалаганы да бар((((
Жаны
Кемпирдин иштегенин эч кимдин каарыган энесинин башына салбасын,акчасы батпай сооп издегендерге айтарым сурагыла эненин койгойун эмне себеп менен оор жумушта иштеп жатканын.