Памирдеги этникалык кыргыздар үчүн Ош облусунун Чоң-Алай районунда шаарча курулат















Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-сентябрда Ош облусунун Чоң-Алай районунда Кичи жана Чоң Памирдеги этникалык кыргыздар үчүн жаңы шаарчанын курулушуна капсула салды. Бул туурасында президенттик аппараттын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Буга чейин Садыр Жапаров Памирде калган оогандык кыргыздарды көчүрүп келүү үчүн болжолдонуп жаткан турак жай курулушунун долбоору менен таанышуу учурунда тийиштүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берген.
"Кашка-Суу айылында Бурган-Суу тилкесинде 30 гектар жеке турак жайларды жана социалдык объектилерди курууга трансформацияланган.
Бул аймакта турак жайлардын, 275 орундуу жалпы билим берүүчү мектептин, саламаттыкты сактоо объектилери жана башка социалдык объектилердин салынышы пландалууда. Долбоорду ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен каражат бөлүнгөн, ошондой эле айрым объектилердин курулушу "Ассанабиль" коомдук кайрымдуулук фондунун көмөктөшүүсүндө жүргүзүлөт", - деп айтылат билдирүүдө.
"Бул айылда жашаган мекендештерибиздин урпактары өз мекенинин гүлдөп-өскөн аймакка айланышына, өлкөнүн өнүккөн мамлекеттердин катарына киришине салым кошот деп ишенебиз. Ооганстандын Кичи жана Чоң Памиринен көчүп келип, тоолуу Бурган-Суу айылына отурукташкан боордошторубуздун балдары ыйык Кыргыз жергесинде бакубатчылыкта чоңоюшсун", - деп белгиледи Садыр Жапаров айылдын курулушуна капсула салып жатып.
Өз кезегинде аталган райондун аксакалдары мамлекет башчысынын Кичи жана Чоң Памирден келген этникалык кыргыздарды колдоо саясатын колдой тургандыгын баса белгилешти. Анткени алардын оор турмуш шарттарында жашаганына кайдыгер карап тура алышпайт.
Мамлекет башчысы жергиликтүү тургундардын алдында сүйлөп жатып, оогандык кыргыздарды жылдын аягына чейин мекенине көчүрүп келүү ниетин дагы бир жолу белгиледи. Бул маселе анын жеке көзөмөлүндө экенин эске салды. Анын айтымында, бул жерде келечекте 300-400 үй памирлик кыргыздар жагымдуу шарттары менен жашай алышат.
Президент чогулгандар менен баарлашып, алар турак жай жана жер көйгөйлөрү, автотранспорттук логистика, ичүүчү суу маселелерин көтөрүп, социалдык мүнөздөгү маселелерди чечүүнү тездетүүнү өтүнүштү.
Садыр Жапаров жергиликтүү калктын суроо жана каалоо-тилектерин угуп, жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында райондордун акимдеринин ыйгарым укуктары кеңейе турганын эске салды.
Алдыдагы парламенттин шайлоого байланыштуу суроолорго жооп берип жатып, мамлекет башчысы ар бир мамлекеттик органдын алдында шайлоо жараянынын таза жана ачык өтүүсүн камсыздоого катуу талаптар коюларын өзгөчө белгиледи.





1 |