"Дарылар кем дегенде 3 эсе кымбат сатылып жатыптыр". УКМКнын төрагасы фармацевтикалык мафиянын бети ачылганын айтты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев фармацевтикалык мафиянын бети ачылганын айтты. Бул туурасында ал Алай районуна барганда кабарлаган.
"Мага Кыргыз өлкөсүндө фармацевтикалык мафия бар экенин жеткиришти. Биздеги дарылар эң аз дегенде 3 эсе, эң жогору дегенде 10 эсе кымбат сатылып жатыптыр. Муну мамлекеттик кызматтагы адамдар дарыгерлер менен бирге түзгөн. Биз ошол мафиянын бетин ачтык. Дүйшөмбү күнү коомчулукка маалымат беребиз. Андан тышкары күйүүчү майларды ташыган мафиянын куйругун аныктадык. Бүгүнкү күндө күйүүчү майлар 50 сомдун тегерегинде сатылышы керек экен. Түзүлгөн мафия мамлекетти тоноп жатыптыр, аны эч ким карабаптыр, мамлекет, жетекчилер дагы. Биз ошолорду караганга багыт алдык", - деди ал.
25-сентябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын Алай райондук бөлүмчөсүнө курулган жаңы имараттын ачылыш аземи болуп өттү.



Арзандабайт экоо тең. Жөн эле популизм.
Бензиндин баасы булар бийликке келгенден бери тынымсыз осуп келет. Туштон кийин олумуш болгонубу эми билдим деп? Бензин 40 сомго чыкса тополон кылышчу эл, эми 58ге чыкса да эл оозуна талкан салып отурат. Эмнеге бензинди 30 болбосо да 35-38ден сатпайт? Оздорунун чонтогун ойлоп жатабы Садыр экоо?! "Колхоздор"!