БУУнун башкы катчысы жакын арада Садыр Жапаров менен жолугушуу ишеничин билдирди



БУУнун башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз мамлекетинин тышкы иштер министри Руслан Казакбаев БУУнун башкы катчысы Антониу Гуттериш менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Министр президент Садыр Жапаровдун атынан башкы катчынын экинчи мөөнөткө кайра шайланышы менен куттуктоосун жеткирди.
Руслан Казакбаев БУУнун башкы катчысына Кыргыз мамлекетинде болуп жаткан саясий трансформациялар, анын ичинде 28-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңешке шайлоо тууралуу маалымат берди.
Тараптар Ооганстандагы кырдаал эртерээк турукташтырылышынын маанилүүлүгүн талкуулашты.
БУУнун Ооганстандагы мекемелеринин уланып жаткан эвакуациясын эске алуу менен кыргыз тарап аларды Бишкекке убактылуу жайгаштырууга даярдыгын билдирди.
Башкы катчы Гуттериш президент Садыр Жапаровго жылуу каалоо-тилектерин айтты жана жакын арада аны менен жолугушууга ишеничин билдирди.


