super.kg logo

Бишкекте дем алыш күндөрү мас абалында унаа башкарган 42 айдоочу кармалды

 

Эки күндүк “Бахус” аталышындагы рейддик иш-чара учурунда кайгуул кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарында 42 мас айдоочу аныкталып, 735 миң сом айып салынды. Бул тууралуу патрулдук милициянын басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.

"Акыркы учурда адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктары көп катталып, көптөгөн жарандар жол кырсыгынан ар кандай жаракаттарды алууда. Анын себептери айдоочулар жол эрежелерин так сактабагандыгы болууда. Ошондуктан Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери дем алыш күндөрү “Бахус” аталышындагы атайын жол кырсыктарынын алдын алуу багытында рейддик иш-чара өткөрүп, 2 күндүн ичинде 1620 жол эрежелерин бузуу фактыларын аныктады", - деп билдиришти.

Алардын ичинен:

  • Мас абалында автоунаа башкаруу - 42 айдоочу ( 735 000 сом айып салынды);
  • Айдоочулук кубөлүгү жок автоунаа башкаруу - 42 айдоочу;
  • Автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 9 айдоочу;
  • Башка жол эрежелерин бузуулар - 1525 айдоочу;
  • 166 автоунаа ар кандай жасаган бузуулары үчүн убактылуу айып короо жайына токтотулду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: