Ээсине кайткан Карабах. Азербайжанда согуштун шейиттерин эскерүү күнү белгиленүүдө
Туура бир жыл мурун 27-сентябрда Азербайжан армиясы дагы бир армян провокациясына жооп кылып, басып алынган жерлерди бошотуу үчүн контрчабуул операциясын баштаган. Биринчи күндөн баштап Азербайжан армиясы бир нече конуштарды жана стратегиялык бийиктиктерди бошотууга жетишкен. 1993-жылдан бери Армения өлкөсүнүн оккупациясы алдында калган Карабахты 2020-жылы 44 күн ичинде Азербайжан өзүнө толугу менен кайтарып ала алды.
Бүгүн аталган өлкөдө 27-сентябрь Ата Мекендик согуштун шейиттерин эскерүү күнү. Согушта шейит кеткендердин сүрөттөрү менен жүрүш жана башка иш-чаралар өткөрүлүп жатат.
Карабахтагы бир кездери гүлдөгөн Жабраил шаары. 1993-жылдан бери оккупация алдында калып, урандылар шаарына айланган.
Жабраил шаарына жакын жайгашкан Физули шаары да толук кыйраган. Сүрөттөгү бузулган имарат оккупацияга чейин жергиликтүү гезиттин редакциясы болчу.
Булар согушта курман болгон аскерлердин кийим-кечеси, жеке буюмдары Азербайжандын түндүгүндө жайгашкан Хачмаз шаарындагы Гейдар Алиев атындагы борбордо сакталып турат.
Губа шаарындагы сейил бактардын биринде орнотулган бул эстелик Карабах согушунда курман болгон журналисттерге арналган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-26

12:02
2025-07-26

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.