Ташиев "Кумтөр" маселеси боюнча Женевага учуп кетти
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев "Кумтөр" маселеси боюнча Женевага учуп кетти. Бул тууралуу анын тарапташы Өткүрбек Рахманов социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Ал бүгүн, 27-сентябрда эртең менен Ташиев учуп кетерин жазган.
"Бүгүн, 27-сентябрь туулган күнү. Бирок Камчыбек Кыдыршаевич мамлекетибиздеги эң маанилүү болуп турган "Кумтөр" маселеси боюнча Женевага 27-сентябрь күнү эртең менен учуп кетет. "Кумтөр" боюнча тагдыр чече турган күн келиптир", - деп жазды ал.
Бул боюнча УКМКнын басма сөз кызматы маалымат бере элек.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-26

12:02
2025-07-26

Рейтинг:
-2

Юристтер кошо барат да сөзсүз.Баарын сага отчет бериши керекби?Топтун башчысы болуп,туулган күнүнө карабай кетип атат.
Кумторду кандай чечет куто туралы, жодону куздо санайт дейт, Ташиев кыйратаарына ишеним аз менде. Кумторду дароо жаап, Центеррага ондогон миллион доо койсо болмок биздикилер.
Тажиктер аткылап жатса дипломатиялык жолго барганы туура болгон
Ал эми Кумтөрдөн 21 жылда 84 миллион доллар казынага түшсө,азыр эки айда 90 миллион доллар казынага түштү деп айтып жатат.Бул эмгек эмеспи?Центерра Нью Йорк сотуна арыз жазды,бирок Кыргызстандын пайдасына чечилди.Мен ишенем,кудай буюрса,Жапаров менен Ташиев тарыхта калат.Бирок жакшыны коро албаган адамдар,баары бир жаман жагын гана корот.
Жакшы суроо берипси...