super.kg logo

COVID-19га шектелгендер жана спирт ичимдигин ичкендер изоляторго камалат. Сузактагы карылар үйүндө бир катар мыйзам бузуулар аныкталды

 
Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбору Сузактагы карылар үйүнөн мыйзам бузууларды аныктады. Бул тууралуу аталган борбордун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Мекемеде "изолятор" табылган. Директордун айтымында, COVID-19га шектелген адамдар, ошондой эле спирт ичимдиктерин ичкендер ошол жерге жайгаштырылат. Бирок социалдык мекеменин башчысы бул "изолятор" эмненин негизинде ачылгандыгын тастыктаган документти көрсөтө алган эмес. Коноктор анда канча убакыт ал жерде болот деген суроого, ал "спирт ичимдигин ичкен мас адамдар, эсине келмейинче ошол жерде болушат" деп жооп берген.
«Атайын бөлмөнүн болушу жана анда адамдардын кармалышы - бул психологиялык зомбулук, басынтуунун жана ырайымсыз мамиленин бир түрү болуп эсептелет. Андыктан бул "изоляторду" уюштуруп, карыларды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды кармагандарга карата чара көрүү керек", - деп эсептешет улуттук борбордун өкүлдөрү.
COVID-19га шектелген адамдарды "изоляторго" жайгаштыруу дагы мыйзамсыз. Оорунун белгилери байкалган кезде мекеменин кызматкерлери тез арада аймактык саламаттыкты сактоо органдары менен байланышы керек, бейтаптарды обочолонгон бөлмөгө камап коюшу туура эмес.
Текшерүү учурунда ошондой эле мекемедеги дааратканалар санитардык нормаларга жооп бербестиги, көпчүлүгү иштен чыккандыгы аныкталды. Сырттагы даараткана жараксыз абалда жана аны колдонуу өтө кооптуу.
«Карылар үйүндөгү жашоо шарттар санитардык-гигиеналык стандарттарга жана талаптарга жооп бербейт. Директордун айтымында, мекемедеги дезинфекция кызматкерлер тарабынан өз алдынча жүргүзүлөт. Бирок жумуш орундарын системалуу түрдө кайрадан тазалап чыгуу иштери мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору менен биргеликте жүргүзүлүшү керек. Бирок келишим түзүлгөн да эмес», - деп белгилейт аталган борбор.
Мекеменин имараттарынын биринде желдетүү системасы жок жана санитардык талаптар одоно түрдө бузулган. Бөлмөнүн ичинде адам чыдагыс жыт бар, бул дагы карыларга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга карата ырайымсыз, адамгерчиликсиз жана басынтуучу мамиленин бири болуп эсептелет.
Мындан тышкары өз алдынча баса албаган тургундар үчүн мында тиешелүү шарттар каралган эмес. Имаратта алардын кыймыл-аракетине карата ар кандай тоскоолдуктар орун алган, андыктан майыптардын арабасынын жүрүшүнө кошумча көйгөй жаралат.
"Тепкичтердин бийиктиги стандартка жооп бербегени сыяктуу эле, эскилиги жеткен линолеум, бийик босоголор мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн коркунуч жаратат".
Улуттук борбордун өкүлдөрү облустук прокуратурадан бардык мыйзам бузууларды текшерип чыгып, мындай фактыларга жол берген кызмат адамдарына карата чара көрүүнү суранышты", - деп жазылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: