super.kg logo

Ош шаарынын мэриясы «Чайна Роад» компаниясы менен эки тараптуу кызматташуу боюнча меморандумга кол койду

 

Бүгүн, 27-сентябрда Ош шаарына Кытай Эл Республикасынын "Чайна Роад" компаниясы Кыргыз өлкөсүндөгү өкүлчүлүгү эки тараптуу кызматташууда пландалган долбоорлорду жеринен көрүү максатында келишти. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кытай корпорациясынын Кыргыз жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу өкүлчүлүгүнүн башкы директору Хоу Хусян баштаган жумушчу топту Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев кабыл алды. Андан соң компаниянын өкүлдөрү Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов менен биргеликте жолдорду, көпүрөлөрдү, тыгын учурдагы абалдарды, таштанды талаасын жана башка жерлерди жеринен көрүп келишти.

Таанышуунун соңунда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов жана «Чайна Роад» компаниясынын өкүлү Хоу Хусян менен эки тараптуу кызматташуу боюнча жолдорду оңдоп-түзөөдөн өткөрүү жана куруу, таштандыларды кайра иштетүүчү заводдорду куруу боюнча меморандумга кол коюшту.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
27.09.2021. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин озубуздун улак чапкандан башка колубуздан бир нерсе келеби,копуро куруп жол сала албасак.
Биз 30 жылда только кантип тендерди утуп мамлекеттин акчасын жегенди кана уйрондукпу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: