Парламент комитетинде гранттын эсебинен 40 "Тез жардам" унаасын сатып алуу боюнча макулдашуу каралды
Кечээ, 27-сентябрда парламент комитетинде гранттын эсебинен 40 "Тез жардам" унаасын сатып алуу боюнча макулдашуу каралды.
Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “COVID-19 кесепеттерине өзгөчө кырдаалдарда чара көрүү” долбоорун каржылоого Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондусунан грант берүү жөнүндө” макулдашуунун долбоорун жактыруу боюнча, министрлер кабинетинин буйругунун долбоору талкууга алынды.
Жыйында баяндама жасаган саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улукбек Бектурганов: “Макулдашууга ылайык, 3 миллион сомдук гранттын эсебинен 40 "Тез жардам" унаасын жана 70 санитардык транспорт сатып алуу максатталууда. Аларды алыскы аймактардагы "Тез жардам" унаасы жок ооруканаларга таратабыз”, - деди.
Талкуу маалында комитет төрайымы депутат Гүлкан Молдобекова унаалардын сапатына көңүл буруу керектигин белгилеп, бардык медициналык жабдуулары менен сатып алуу зарылчылыгына токтолду.
“Бардык жерде "Тез жардам" унааларынын жетишсиздиги көйгөй жаратууда. Андыктан өлкөдөгү бардык ооруканаларды "Тез жардам" унаасы менен камсыздоо учур талабы”, – деди комитет төрайымы.
Жыйынтыгында макулдашуунун долбоорун жактыруу боюнча министрлер кабинетинин буйругунун долбоору колдоо тапты.


