super.kg logo

Марипов жашыл экономиканы өнүктүрүү маселеси боюнча координациялык кеңештин алгачкы кеңешмесин өткөрдү

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Климаттын жана экологиянын өзгөрүүсү жана "жашыл" экономиканы өнүктүрүү маселеси боюнча координациялык кеңештин алгачкы кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Күн тартибинде 4 маселе, анын катарында "Кыргыз Республикасынын улуттук деңгээлде аныкталган салымы" документинин долбоору каралды.

Маалыматка ылайык, аталган долбоор митигация (климаттын өзгөрүү таасирин жумшартуу) жана адаптация боюнча чараларды ишке ашыруу жолу аркылуу парник газдарынын бөлүп чыгарууларын кыскартууну карайт.

Улукбек Марипов белгилегендей, учурда министрлер кабинетинин артыкчылыктуу багыттарынын бири экологиялык коопсуздук жана климаттын туруктуулугу маселеси болуп саналат.

Кеңешменин жүрүшүндө "Климаттык инвестициялык программанын" учурдагы абалы тууралуу маалымат угулду. Анда төрага глобалдык климаттык институттардан жана фонддордон инвестицияларды тартуу боюнча ишке мамлекеттик органдардын активдүү тартылышы зарылдыгын белгиледи.

Ал кошумчалагандай, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары БУУ климаттын өзгөрүшү боюнча Алкактык конвенциясынын тараптардын XXVI конференциясынын ишине катышуучу кыргыз делегациясынын сапаттуу даярдыгын камсыздоосу тийиш.

Жыйынтыгы боюнча кеңешменин күн тартибиндеги бардык маселелер, анын ичинде жакында БУУ КӨАК катчылыгына сунушталуучу "Кыргыз Республикасынын улуттук деңгээлде аныкталган салымы" документи жактырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: