"Жогорку Кеңеш чечет". Улуттук банктын төрагасы отставкага кетеби?
Массалык маалымат каражаттары Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду отставкага кеткендигин жазышууда. Бул боюнча SUPER.KG порталы президенттин администрациясына байланышканыбызда отставкага кетирүү маселесин Жогорку Кеңеш кабыл аларын билдиришти.
"Бул маселени Жогорку Кеңеш кабыл алат. Бизге тиешеси жок", - деп билдиришти администрациядан.
Буга чейин аталган банктын басма сөз кызматына байланышканыбызда бул маалыматты четке кагышкан.
Белгилей кетсек, Улуттук банк жөнүндөгү мыйзамга ылайык, төрага жеке арызы боюнча отставкага кете алат, бирок анын отставкасы Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынат, бул тууралуу парламенттин отурумуна чейин алдын ала билдирилүүгө тийиш.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-26

12:02
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.