Бишкек шаардык кеңештин депутаты коомдук транспорттогу жол киренин баасын азыркы тариф менен калтыруу керектигин айтты

Бишкек шаардык кеңештин депутаты Элнура Качкынова коомдук транспорттогу жол киренин баасын ушул бойдон калтырууну колдой турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-сентябрда шаардык кеңештин жыйынында билдирди.
"Мен жол акынын тарифин ошол боюнча калтырууну сунуштайм. Бааны 15 сомго көтөргөндө шарттар кандай болуп өзгөрөт? Бир үй-бүлөдө бир канча адам болот. Алардын канча акчасы кетет? Коммуналдык эсептерди, азык-түлүктөрдү эсептебегенде, бир үй-бүлөдөн жол киреге эле 8 миң сом кетиши мүмкүн. Коомдук транспортторду газга өткөрүү керек. Ошондо арзан болот", - дейт ал.
Мэриянын шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчиси Максат Нусувалиев: "Мен сиздин айткандарыңызга макулмун. Кирешелер көбөйгөн жок. Айдоочулар дагы биздин жарандар. Алардын да балдары бар", - дейт ал.


