super.kg logo

Камчаткадагы кыргыздар "Көчмөндөр оюну" этно спорттук фестиваль өткөрөт

 

Орусиянын Камчатка аймагындагы кыргыздардын "Ала-Тоо" коомдук уюму "Камчаткадагы көчмөндөр оюндары" этно спорттук фестивалын өткөрөт. Майрамдык салтанатта концерттик программалар жана этно спорттун салттуу түрлөрү боюнча мелдештер орун аларын уюштуруучулар тарабынан маалым болду.

Спорттук иш-чара 2-октябрда болот. Фестиваль Камчатка аймагынын Жарандык коомду өнүктүрүү, жаштар жана маалыматтык саясат министрлигинин колдоосу менен өткөрүлөт. Майрамдык салтанатта концерттик программалар жана этно спорттун салттуу түрлөрү боюнча мелдештер камтылган. Анда көк бөрү, эр эңиш, тыйын эңмей, кыз куумай, улуттук күрөш, көчмөн элдердин түрдүү оюндары боюнча таймаштар өтөт. Мындан сырткары келген конокторго жана катышуучуларга кыргыз тамак-ашы сунушталмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: